7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эсептөө палатасынын инспектору 200 миң сом алып жатканда кармалды

474

Акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ал Ысык-Ата районундагы билим берүү субъекттерине (жалпы орто билим берүү мектептерине) республикалык бюджеттен бөлүнүүчү акча каражаттарын чыгымдоо боюнча аудитордук текшерүү жүргүзгөндүгү аныкталды.

Ошол эле учурда инспектор материалдык пайда алуу максатында Ысык-Ата районунун билим берүү тармагынын кызматкерлеринен текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жашырып, оң аудитордук корутунду чыгаргандыгы үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

11-апрелде Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору А.Э.А. 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. 12-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен ага карата 10-июнга чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

475