7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эшигин көрүп төрүнө өт». ЖКККББда ишембилик өткөрүлдү

418

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилик курамы жана борбордук аппаратынын кызматкерлери имараттын айланасына жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тазалоо иштерин жасашты.

Анда буга чейинки каралбай калган аймактар тазаланып, куурап калган ийне жалбырактуу дарактар кесилип, чирип калган жалбырактуу таштандылар чыгарылып, чөп баскан арчалардын астылары тазаланып, суулар куюлду.

Ишембилик учурунда башкы башкармалыктын жетекчилиги өздүк курамга ар кандай муктаждыктары менен келген жарандарыбызды тейлөөдө, аларга кызмат көрсөтүүдө, ыңгайлуу шарттар түзүлүп, имараттын айланасы ар дайым таза жана тыкан болуусу шарт экендигин эскертти.

419