Жарандар 15-20 күндүн ичинде арзан баада көмүр сатып алышса болот. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Ишкананын директору Мирлан Жакыпов билдиргендей, азыркы учурда Кара-Кечеден суткасына 450 машинеге чейин көмүр жүктөлүп жатат.
«Башка жылдардагы тажрыйбага таянсак канчалык көмүр көп келген сайын көмүрдүн баасы арзандайт. Кыргыз эли, 15-20 күндүн ичинде арзан көмүр сатып алса болот», — деп берилет маалыматта.
Бишкектеги көмүр сатуу базаларынын даректерин билүү үчүн шилтемени басыңыз:
«Көмүрдү кайдан сатып алам?» Бишкектеги көмүр базаларынын дареги (ТИЗМЕ)