7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эскертүү! Оң рулдуу унааларга такси кызматын көрсөтүүгө лицензия берилбейт

15

Оң рулдуу унааларга такси кызматын көрсөтүүгө лицензия берилбейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, оң рулдуу унаалар менен коммерциялык негизде жүргүнчү жана жүк ташууга тыюу салынат. Бул норма такси ишмердүүлүгүн лицензиялоо киргизилгенге чейин эле колдонулуп келген.

«Бул чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу жана жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатуу максатында кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы 10 жыл ичинде рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын катышуусунда 21 159 жол-транспорт кырсыгы катталган. Анын натыйжасында 34 656 жаран жаракат алып, 2 366 жаран каза болгон. Бул кырсыктардын 60 пайызы оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын күнөөсү менен болгон.

16