7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Этнограф, уз-чебер Айдай Асангулова дүйнө салды

14

“Кийиз дүйнө” коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова 48 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айдай Асангулова көптөн бери оору менен алышып келгени айтылды. Маркум 27-январда Тоң районунун Кызыл-Туу айылында жерге берилет.

Белгилей кетсек, Айдай Асангулова — көрүнүктүү маданият ишмери, уз-чебер, сүрөтчү-конструктор, дизайнер, изилдөөчү, этнограф. Ал кыргыздын салттуу кийимдерин жандандыруу, калыбына келтирүү жаатында эбегейсиз эмгек көрсөткөн.

Маданиятка жана кол өнөрчүлүк тармагына кошкон олуттуу салымы үчүн Айдай Асангулова “Курманжан Датка” медалы, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамоталары, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.

Ошондой эле, ал “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамына татыган.

15