7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучуларды мектептен мектепке которуу санариптешет

361

Окуучуларды мектептен мектепке которуунун электрондук системасын ишке киргизүү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, азыр мектепке которуу иши кагаз менен жүргүзүлүп келет.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, балдарды мектепке кабыл алуунун электрондук системасы иштеп баштагандан бери мектепке киргизүү маселеси кыйла азайды.

«Ата-энелер баласын бир мектептен экинчи мектепке которо турган болсо, системанын жардамы менен арыз берет. Ал эми система бош орун болсо өзү так көрсөтөт. Азыр окуучуларды башка мектепке которуу кол менен жүргүзүлүп жатат. Бул маселени Агартуу министрлиги карап чыксын. Азыр ата-энелер мектепти тандап балдарын окутуп жатат. Орундарды так бөлүштүрүү зарыл. Бул мектептердин жүктөмүн азайтат. Бул системаны шаарларда колдонуп көрүү керек», — деди минкаб жетекчиси.

362