7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эверестти багынткан альпинисттер Бишкекке келди

439

Кыргызстандын желегин дүйнөнүн эң бийик чокуларында желбиреткен альпинисттер өз мекенине аман-эсен кайтып келишти. Бүгүн аларды “Манас” эл аралык аэропортунда салтанаттуу тосуп алуу аземи өтүп, ага тийиштүү мамлекеттик органдын өкүлдөрү, альпинисттердин жакындары катышты.

Кыргыз альпинисттери үчүн бул жолку экспедиция эбегейсиз ийгиликтер менен коштолду. Делегацияны жетектеп барган Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов рекордду жаңылап, Непалдагы Гималай тоосунун Лхоцзе жана Макалу чокусун кычкылтек колдонбостон багындырды. Мындай кубанычтуу жаңылык Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет болду.

Ал эми буга чейин Эверест чокусуна чыккан Кадыр Сайдилкан бул ирет деңиз деңгээлинен 8516 метр бийиктикти түзгөн Лхоцзе чокусун багындырып, ал жерге 4 кг болгон “Манас” эпосунун китебин көтөрүп чыккан.

Ушул эле делегация менен барган Илим Карыпбеков Эверест чокусуна чыгып, Эверестти багындырган төртүнчү кыргызстандык болуп калды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдан 11-апрелинде президент Садыр Жапаров альпинист Эдуард Кубатовду кабыл алып, ага Кыргызстандын желегин тапшырган. Ошондой эле мамлекет спорттун бул түрүн колдоого аларын белгилеп, сапарга чыгып жаткан альпинисттерге ийгилик каалаган.

 

440