7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү

376

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү.

Жыйындын алдында делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү аземи орун алды.

Министрлер Кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучулары алдында сөз сүйлөдү. Ал бул кеңешменин жыйынтыгы Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда жана Биримдиктин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда дагы бир маанилүү кадам болооруна ишеним билдирди.

“Тар форматта өткөн жыйында конструктивдүү сүйлөшүүлөр орун алат деп үмүттөнөм. Биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикте жайгашкан боордош мамлекеттер катары элибиздин жана Биримдигибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жыйындын күн тартибине коюлган бардык маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келээрибизге ишенем, — деди Акылбек Жапаров.

Жалпысынан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына 30га жакын маселе камтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

377