7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Европарламенттин делегациясы Кыргызстанга келди

532

Кыргызстанга президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Мунир Сатури баштаган Европарламенттин депутаттарынан турган делегация келди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине президенттик аппараттагы булак билдирди.

Иш сапар Кыргызстан менен Евробиримдиктин расмий өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында өтүп жатканы, депутаттардын өлкө жетекчилигинин деңгээлинде жолугушуулар пландалганы айтылды.

Февраль айында Мунир Сатури кыргыз бийлиги делегацияны пландалгандай кабыл алуудан баш тартканын билдирген.  Андан соң, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги президент Садыр Жапаров Европарламенттин депутаттарын өлкөдөгү чыныгы кырдаал менен таанышуу үчүн расмий чакыруу тапшырмасын бергенин билдирген.

Мунир Сатури — Европарламенттин адам укуктары боюнча кичи комитетинин башчысы.

533