7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда электр тармактар ишканасынын башкы инженери кармалды

307

Кадамжай райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Маалыматка караганда, Ш.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда үч фазалуу системанын энергиясын орнотуу үчүн 30 миң сом акча каражатын опузалап жаткан Кадамжай районунун электр тармагынын кызмат адамына чара көрүүнү суранган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Опузалоочунун көрсөтмөсү менен электрондук эсепке 30 миң сом акча каражаты которулгандыгы жана аны Кадамжай районунун райондук электр тармактарынын(РЭТтин) актылары боюнча 1981-жылы туулган Х.М. аттуу башкы инженер алгандыгы аныкталган.

Ал шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

308