7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баалуу металлдар департаментинин директорунун орун басары алдамчылыкка шектелүүдө

596

Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басары тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын ээлеп алганы аныкталды.

Чогултулган материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

597