7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Финансы полициясынын өкүлү Айбек Токоев 2 айга камакка алынды

354

Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Токоевдин баш коргоо чарасы 20-январда тандалып, ал соттун чечими менен 18-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Айбек Токоев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын органдарында жетекчи болуп иштеп жүргөн 2014-жылдан бери Ош жана Бишкек шаарларынан 15тен ашык кыймылсыз мүлк сатып алып, жакын туугандарынын атына каттаткан.

Мындан тышкары Ош шаарында 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна ири суммадагы каражат жумшаган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Токоевдин кыймылсыз мүлк жана финансылык активдеринин жалпы наркы 4 миллион доллардан ашат. Бирок бул анын мыйзамдуу кирешесине кирбейт.

УКМК аталган жетекчини 18-январда кармады. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында анын бардык мүлктүк жана каржылык активдерин табуу, ошондой эле алардын болжолдуу наркын аныктоого багытталган кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралары жүргүзүлүүд

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

355