7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фламингого ШКУ саммити өтө турган конгресс-холл курулат

427

Бишкектеги “Фламинго” паркынын аймагына 2026-жылы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары жолугуша турган конгресс-холл куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

“Фламинго” оюн-зоок паркы шаардын түштүк тарабындагы жаңы курулган “Ынтымак ордо” президенттик администрациясынын жанында жайгашкан. Учурда парктын жер тилкеси Президенттин иш башкармасынын балансына өткөрүлүп берилди.

Туманбаевдин айтымында, 1997-жылы “Бишкек” эркин экономикалык аймагы менен “Борбор Азия корпорациясы” ЖЧКсынын ортосунда 93 жылдык ижара келишими түзүлгөн. Бирок жеке компания өз милдеттерин аткарбай, парктын аймагын ижарага берген.

Ушу тапта Президенттин иш башкармасынын алдында комиссия түзүлдү. Алар мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп чыгат.

Туманбаев белгилегендей, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, “Ынтымак Ордо” резиденциясынын жанында имараттарды курууга жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. “Фламинго” паркынын ордуна Президенттин иш башкармасы 2026-жылы 18 мамлекеттин башчылары катыша турган ШКУнун кезектеги саммитин утурлай конгресс-холлду курууну пландоодо.

“Министрлер кабинети тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин конгресс-холлдун курулушу келерки жылдын жаз айларында башталат”, — деп билдирген Каныбек Туманбаев.

428