12-июль Медицина Академиясынын жаңы конференция залына, Адинай Мырзабекованын эстелиги орнотулду. Колодон жасалган Адинайдын элесин анын курстташтары, 2021-жылкы бүтүрүүчүлөр жасаган. Бул тууралуу Академиянын жамааты кабарлашты.
Ачылуу аземине Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясынын ректору, профессор Индира Кудайбергенова баштаган окуу жайдын жамааты, Адинайдын туугандары жана курсташтары катышкан.
Эске салсак, Адинай Мырзабекова былтыры, 2020-жылдын 13-июль күнү, пандемия күчөп турган кезде, иш үстүндө каза болгон. Өлүмдүн себеби эки жактуу пневманияга кабылган деп бир айтылса, башка бир булактар Адинай тынымсыз иштегенден улам, күйүгүп калган дешет.
Каза болгондон соң, Президенттин буйругу менен «Эрдик» медалы ыйгарылган. Ал Медицина Академиясында студент жана Бишкек шаарындагы клиникалардын биринде медайым болуп иштеген.