Кыргызстан Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо долбооруун ишке ашыруу үчүн, Кувейт Араб Экономикалык Кызматташтык Фондусу менен 28.9 млн долларлык насыя келишимине кол койду.
12-июлда, Бишкек шаарында экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров фонддун башчысынын орун басары Марван Аль-Ганемди кабыл алып, келишимге кол коюшкан. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Тартылган 28,9 миллион доллар насыя узундугу 80,5 км, Корумду айылынан Балбай айылына чейинки айланма жолдун бир гана бөлүгүн оңдоого жумшалат.
Экономика министрлиги Кыргызстан бул насыяны кандай шартта алып жаткандыгы тууралуу маалымат берген жок.