Чүй облусуна караштуу Асык-Ата районунан 16 жана 18 жаштагы кыздар көлмөгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыздар 2003-жылы туулган К.А. жана 2005-жылы туулган Э.к.А.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 18:03тө 3 куткаруучу чыгып, 18:59да жерине жетишкен. Издөө иштеринин натыйжасында 2003-жылы туулган кызды жансыз денеси саат 19:30да, ал эми 2005-жылы туулган кыздын жансыз денеси саат 21:10до табылган.
Кыздардын жансыз денелери ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.