7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Интернаттагы Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча иш-чаралар жыйынтыкталды

484

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу И. Якуниндин өлүмүнө байланыштуу, Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте иликтөө иш-чаралары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жарандык сектордун сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен корутунду чыгып, мамлекеттик органдардын жана аймактык түзүмдөрдүн жооптуу кызматкерлери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай жаткандыгы аныкталды.

Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен уюмдары, мекемелери ортосунда ведомстволор аралык координациялоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге, мамлекеттик органдарга жана уюмдарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

— Военно-Антоновка балдар үйүнүн жетекчилигинин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине аталган балдар үйүнүн ишмердүүлүгүндө жогоруда айтылган бардык одоно мыйзам бузууларга жана балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүнө жол бергендиги үчүн директордук кызмат ордунан бошотуу, ошондой эле балдар үйүнүн башка кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо сунушталсын.

— Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Чүй облусунун Сокулук районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки иши канааттандырарлык эмес деп табылып, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына маалымкатта көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга жол берген бардык жооптуу кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна шайкештигин карап чыгуу сунушталсын;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана анын аймактагы түзүмдүк бөлүмдөрүнүн балдарды коргоо, камкордукка алуу жана асырап алуу, анын ичинде эл аралык асырап алуу маселелери менен алектенген кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык факторлорду жана одоно мыйзам бузууларды көрсөтүү, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө Мамлекеттик маалыматтар банкын жүргүзүү жана ал материалдарды андан ары кароо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталат:

— Военно-Антоновка балдар үйүнүн ишмердигин натыйжалуу көзөмөлдөбөгөнү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү кызматкерлеринин жоопкерчилигин карап чыгуу;

— Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын Балдардын иштери боюнча комиссиясынын тийиштүү кызматкерлеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткара албагандыгы боюнча жоопкерчилигин карап чыгуу.

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Ички иштер министрлиги тарабынан интернат тибиндеги балдар тарбиялануучу мекемелердин тарбиялануучуларынын ортосундагы мамилелерде мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо жана зомбулук фактыларын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү.

Мындан сырткары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору менен биргеликте тергөө иштеринин бардык этаптарында Б. Якуниндин кызыкчылыгын коргоо үчүн адис тартуу маселесин чечүү.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан интернат тибиндеги балдар үчүн мекемелердеги өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча так жол-жоболор иштелип чыгып, аларды иш жүзүнө ашыруу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

485