Жогорку Кеңештин депутаты Зулпукаров Төрөбай Закирович тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, депутат Кыргыз Улуттук Университетинен окуу төлөмүн төлөбөгөндүгү үчүн окуудан четтетилген. Кийинчерээк депутат болгондон кийин, билимин өркүндөтүү үчүн ОшМУга сырттан окууга тапшырып, кабыл алууда КУУнун жасалма дипломун колдонгон.
«УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңешинин «КСДП» фракциясынын депутаты «З.Т.З.» тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. «З.Т.З.» 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон.
Андан кийин, депутат Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алууда колдонуп жана ошондой эле КР ЖКнын депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде, экинчи жогорку билим алган.
Ж.Баласагын атындагы КУУдан алынган жоопко ылайык, «З.Т.З» университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген«, -деп азылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.