7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан чыккан ич этти 4 өлкө тонналап алууда

3678

Ушул жылдын январь айынан апрелге чейин Кыргызстандан малдын 315,7 тонна ич эти экспорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында билдирди.

Малыматка ылайык, мекеме «малдын ичеги-карыны» товардык номенклатура боюнча маалымат берген. Анда жеткирүүнүн жалпы көлөмү 367, 8 миң долларга бааланган.

Акыркы төрт айда Кыргызстандан ич эт алган мамлекеттер:

  • Гонконг — 216,2 тонна;
  • Түркия — 51,7 тонна;
  • Вьетнам — 28 тонна;
  • Египет — 19,8 тонна.

Белгилей кетсек, Вьетнам былтыркы жылы да алган. Бирок I кварталдын жыйынтыгы боюнча, аталган товар бул мамлекетке экспорттолгон эмес. Акыркы төрт айдын ичинде Вьетнам кайрадан Кыргызстандан ич эт алган мамлекеттердин катарына кирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3679