Футболчу Мирбек Ахматалиев чет элдик командалашы Евгений Терси менен жаңжалдаша кетип, анын жаагын сындырып салды.
Маалыматка ылайык, окуя 13-август күнү Бишкекте болгон. Анда «Мурас Юнайтеддин» оюнчулары машыгуу учурунда жаңжалдаша кетип, кыргыз футболчусу чет элдик командалашынын жаагын сындырып салган.
Кыргыз футбол биримдиги Мирбек Ахматалиевди 5 жылга футболдон четтетти.