Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.