Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы Палестина менен беттешке чыгаар алдындагы көнүгүүдө Токио-2020 Олимпиада жайкы оюндарынан медаль алып келген Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Акжол Махмудовдун сүрөттөрү тартылган футболкалар менен чыгышты.
Анын сүрөттөрү социалдык тармактарга тарады.
«Биздин спортчулар менен сыймыктанабыз. Аларга терең ыраазычылык билдиребиз»,-деп жазылат футболкаларда.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Палестинаны 1:0 эсебинде утуп алды