7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өгөй кызын зордуктаган кылмышкер өмүр бою эркинен ажыратылды

379

Сузак райондук соту 15 жаштагы кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталган кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, 43 жаштагы Т.С. күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Ошондой эле, соттолуучу жабырлануучуга 300 миң сом компенсация төлөп бериши керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүй облусунда жашы жете элек кызга карата зомбулук фактысы аныкталган. Ысык-Ата РИИБине жергиликтүү балдарды коргоо бөлүмүнүн адисинен арыз түшкөн. Анда 1982-жылы туулган С.Т., өгөй кызы азыр 15 жаштагы А.А.ны узак убакыт бою зордук-зомбулукка жана сексуалдык мамилеге дуушар кылып жүргөнү айтылган.

Соттук-медициналык жана соттук-психологиялык экспертизалар дайындалып, материалдар өздөрүнүн аймактык карамагына ылайык Сузак РИИБге өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси «Зордуктоо» боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБнын жана Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран кармалган.

380