Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Оштогу филармониянын жетекчиси кызматынан кетүү үчүн арыз жазууга Бишкекке келе жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Садыбакасова чындык чыркырап ыйлап турса дагы, каралоого кабылганын айткан.
«Абройума шек келтирип, ар-намысымды тебелеп-тепсөөгө аракет кылышты. Атуулдук беделиме доо кетирип, адамдык касиетимдин ара жолдо калышын көксөштү… Ар дайым ак иштеп, ак жүрүп, алдыңкылардын сабында болгонум үчүн көңүлүмдү ооруткан, жүрөгүмө уу сепкен, сезимдеримди жаралаган, көөдөнүмдү каралаган, ичи тар, көрө албастардын кезектеги соккусуна кабылдым! Бирок чөкпөдүм, чөгөлөбөдүм, тескерисинче күчтөнүп, чыйралып, кайратымдан жазбадым.
Эң башкысы эл алдында абийирим таза, жүзүм ак экендигине сыймыктанып, элиме жасаган эмгегимдин өлбөс-өчпөстүгүнө ыраазы болдум! Жыртык жамалат, тешик бүтөлөт, таштанды алынат, ызы-чуу да басылат. Жашоо уланат, бирок ооруган көңүлдү ким оңдоп, ким айыктырат? Үшүгөн сезимдерди ким жылытат?! Өмүрүмдү, жашоомду садага чаап, күн-түндү билбей, төрт мезгилди сезбей, эл үчүн, жер үчүн деп маданий тармакта, айрыкча улуттук музыка искусствосун өнүктүрүүгө кошкон опол тоодой эмгегимди, 50 жылдык өрнөктүү өнөр жолумду билгиси, баалагысы келбегендерди Кудайдын таразасына койдум! Мындан 3 жарым ай мурда министрибиз Алтынбек Максүтовго ден соолугума байланыштуу жаңы жылдан тартып жумуштан кетеримди айткан элем. Ошол сөзүмдө туруп, жумуштан өз каалоом менен кетүүгө арызымды жазууга Бишкекке жөнөдүм», — деп жазды ал.