Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Өзгөн районунун Мырза-Арык, Куршаб айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Правда айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.