Манас таануучу, философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева: Кыргыздарда илгертен бир жыл ичинде 4 майрам болгон, алар күндүн кыймылы менен байланышкан. Биринчиси – 21-декабрда белгиленген, анткени ошол күндөн тартып күн узара баштаган, аны Кыдыр-ата майрамы деп атаган, же кээде ал Ак-Бууранын кирген күнү деп да аталган.
Экинчи майрам 21-мартта белгиленет, бул күнү түн менен күндүн узактыгы теңелип, түнгө караганда, күндүн узундугу көбүрөөк болуп, ал дагы узара берет. Аны Нооруз же Көктөм майрамы деп коёт, кээде ал Жыл арасы деп да аталат. Айрым окумуштуулардын айтымында, Нооруздун аталышы «Нур ууз» деген түшүнүккө барып такалат.
Үчүнчү майрам 21-июнда белгиленет жана аны Кут майрам же Жайкы саратан деп коюшат, ушул мезгилде жандуу организмдер өсүп бүтүп, бышып-жетиле баштайт. Төртүнчү майрам Умай-эне майрамы деп аталат жана ал 21-сентябрда белгиленет, аны кээде Түшүм майрамы деп коюшат, ал – токчулуктун майрамы, ал кээде – Ак төөнүн карды жарылган күн деп да айтылып кетет.