7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гүлзат Мамытбек өзү айыптаган алып баруучулардан кечирим сурады

562

Буга чейин нааразычылыгын айтып, алып баруучулар Санжар Мыкыев жана Нурсултан Майназаровду микрофонду өчүрүп салды деп айыптаган Гүлзат Мамытбек баракчасына видео кайрылуу кылып, кайра алардан кечирим сурады.

«Алтыным, кыргызым, боорум Санжар Мыкыев, Нурсултан Майназаров, Самат Дөөлөтбаков. Мен барыңардан кечирим сурайм. Кыргызстанды мен дайыма жыйырманчы же экинчи орунга койгон эмесмин. Ар бир видеомдо Кыргызстанды биринчи деп келем. Конференция инфо бизнес тууралуу болчу. Мен Кыргызстан инфо бизнес боюнча артта калып жатат деп айткыча микрофон өчүп калып жатпайбы. Андан кийин экинчи микрофон өчүп калып жатпайбы. Мен ошого бир аз ызаланып кеттим. Кечирип койгула билип-билбей кылган күнөөлөрүм үчүн. Бири-бирибизди кечиришели. Ушуну менен бул теманы жабалычы. Кыргыз кыргызга душман эмес, кас эмес. Бири-бирибиздин көзүбүздү чукуганды токтотолучу. Мен кечирим сурагандан оозум чарчап калбайт. Күчтүү киши кечирим сурай алат», — деген ал видео кайрылуусунда.

Кечээ, Гүлзат Мамытбектин видеосунан кийин Санжар Мыкыев кадыр-баркына шек келтиргени үчүн сотко берээрин айткан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

563