7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Келиндин апасы: Ал коом үчүн кооптуу. Бирөөнүн кызын кескилеп өлтүрүп салышы мүмкүн

651

Селекция айылында аялын бычактоого шектелип 39 жаштагы жаран кармалган. Учурда бети менен моюну кескиленген аялдын абалы орточо оордукта. Ага 8 саатка созулган операция жасалган.

Ал эми, келиндин апасы «Кызым ал зөөкүргө 19 жашында чыккан. Улуу баласы 17ге чыкты. Кичүүсү 10 жашта. 4 ай мурун сот менен ажырашышкан. Ал ушундан качып, Италияда 4 жыл иштеп келди. Келгенине бир жыл эле болгон. Балдарым деп келген. А тиги зөөкүр сабап, зордуктап жүрдү. Милицияга кайрылып, канча сотко берип жүрдүк. Эч нерсе кыла алышкан жок. Турмушка чыгып жатканда жаш болчу, кызымды коркутуп эле алып алган окшойт. Аны чыгарып жиберишсе, бирөөнүн кызын кескилеп өлтүрүп салышы мүмкүн. Ал коом үчүн кооптуу»,- деп Сереп Медиа маалымат агенттигине билдирген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

652