Жалал-Абад облусунда гашиш баңгизатын сатууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда “Б” аттуу жаран баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүргөн.
Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жогорудагы маалыматтар Жазык кодексинин 267-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен катталган.
“Көзөмөлдөп сатып алуу” аракети аркылуу 1 кг 600 гр марихуана жана 25 грамм салмактагы гашиш баңгизатын сатып алуу жүргүзүлгөн. Анын негизинде “Б” аттуу жарандын өздүгү аныкталып, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун 45 жаштагы М.Б. аттуу тургуну болуп чыккан.
23-сентябрда Б.М. жана ал менен бирге жүргөн кылмышка катыштыгы бар М.Н. аттуу жаранды текшерүү учурунда 2 кг 830 гр гашиш жана 1 кг 600 гр марихуана баңгизаты табылган. Жалпы салмагы 4 кг 43 граммды түзүп, соттук экспертизасынын корутундусуна ылайык гашиш баңгизаты болгондугу аныкталган.
Учурда кармалгандар Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.