Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.
Кыргызстандык спортчу 76 кг салмакта болгариялык Мария Орешкова менен мелдештин 1/8 финалында күрөштү. Айпери Медет кызы атаандашына мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утуп алды.