Мугалимдерди билим берүү кызматкеринин күнү жана Эл аралык билим берүү күнү менен Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
«Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан мугалимдерди өзгөчө жылуу маанайдагы майрамы – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкеринин жана Эл аралык билим берүү күнү менен куттуктайм. Мугалим – бул жөн гана кесип эмес, өз өмүрүн ал кесипке арноо. Ушул майрам күнү мугалимдерге сабырдуулугу, бизге төккөн мээрими жана билими үчүн ыраазычылык билдирем. Учурда мугалим болуу – ардактуу кесип гана эмес, өлкө жана эл алдындагы чоң жоопкерчилик, анткени, дал ушул мектепте келечектеги жарандын жана эл-жерин барктаган патриот инсандын негизи түптөлөт. Биз мугалимдердин талыкпас эмгеги жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билидербиз. Ошол эле учурда мугалимдерди экинчи ата-эне катары урматташыбыз керек. Мамлекет өз кезегинде билим берү кызматкерлеринин эмгек шартын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайт. Кымбаттуу мугалимдер, сиздерге бакыт, чың ден-соолук, бакубаттуулук жана ийгиликтерди каалайм», — деди ал.
Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын президенти мугалимдерге, дарыгерлерге жана маданият тармагынын кызматкерлерине өзгөчө көңүл бурат.
«Бүгүнкү күндө биздин мугалимдер, дарыгерлер жана маданият тармагынын кызматкерлери татыктуу маяна акы жана социалдык камсыздоо алуусу үчүн бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу иретинде бардык аракеттер көрүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы биз медициналык кызматкерлердин жана маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулаттык. Эми мугалимдердин айлык акысынын өлчөмү жогорулатылат, анткени, биздин мамлекетибиздин келечеги элдин билим деңгээлинен көз каранды. Мугалим кесибинин кадыр-баркын жогорулатуу зарыл», — деди Марипов.
Ошондой эле Марипов Кыргыз Республикасынын эл мугалими Антонида Зырянованын абалынан кабар алды.
«Сиз 60 жылдан ашуун мезгил бою эмгегиңизди мамлекетке арнап, бир катар муунга билим-тарбия бердиңиз. Бүгүнкү күнү да билим жана тажрыйбаңызды жаш муундарга тартуулап жатасыз», — деди ал.