Кечээ, 4-октябрда УКМК Шанхай Кызматташтык Уюмуна (КШУ) мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын «Пабби-Антитеррор-2021» биргелешкен терроризмге каршы машыгуусуна (БТКМ) катышты. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, машыгуу Пакистан Ислам Республикасында ШКУ Аймактык антитеррордук түзүм (ААТТ) аткаруу комитетинин координациялоосу жана жардамы менен өткөрүлдү. ШКУга мүчө бардык мамлекеттердин компетенттүү органдары катышкан БТКМ алкагында макулдашылган иш-чаралар бир нече этаптар менен өткөрүлдү. БТКМ акыркы этабы жана жабылуу аземи Пакистандын Пабби машыгуу полигонунда өткөн.
Терроризмге каршы биргелешкен машыгуунун жүрүшүндө, атайын антитеррордук бөлүктөрдүн кызматкерлеринин практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу менен бирге ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу механизмдери реалдуу убакытта (онлайн) иштелип чыкты, мурда ШКУ РАТСтын кызыкчылыгында түзүлгөн Коопсуз маалымат жана телекоммуникациялык системаны колдонуунун эффективдүүлүгү, өз ара аракеттенүүнүн башка каналдарынын мүмкүнчүлүктөрү текшерилди.
Терроризмге каршы чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу болуп, бул жаатта кызматташтыкты жакшыртуу демилгелери талкууланды.
Машыгуунун жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлине жетишиши байкалып, бул аймактык коопсуздукту чыңдоого салымын кошуп, пайда болгон террористтик чакырыктарга жана коркунучтарга ыкча көңүл бурулу, өз убагында биргелешип жооп берүүгө шарт түзүлөт.