Газа тилкесинде көз жумган балдардын саны 3 600дөн ашты. Бул тууралуу Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги Al Arabiya телеканалына маалымдады.
Анда 7-октябрдан бери Жакынкы Чыгыштагы Газа тилкесинде орун алып жаткан израилдик соккулардын кесепетинен мерт кеткен өспүрүмдөрдүн жана аялдардын саны айтылды.
“3 648 бала жана 2 290 аял мерт кетти. 22 миңден ашыгы жаракаттарды алды”, – деп айтылат билдирүүдө.