7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жигиттин өлүмү менен аяктаган табышмактуу кырсыктын бети ачылды

280

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы жигиттин сөөгү Чычкан капчыгайында табылды. Анын өлүмүнө шектелип мурда сот жообуна тартылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, унаа дарыяга түшүп кете жаздап, бирок чоң ташка такалып калган. Окуя болгон жерди кароо учурунда милиционерлер бул жасалма жол кырсыгын атайылап уюштуруп коюшу мүмкүн деген шектенүү жаралган. Эксперттер болжолдуу кароону жүргүзгөн соң, жигиттин денесинде жол кырсыгына тиешеси жок тактар бар экенин аныкташкан. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал дайынсыз жоголгондордун бири катары эсептелген, 2001-жылы төрөлгөн Бишкектин тургуну болуп чыккан.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Ушул учурда Бишкекте милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп келген. 21-октябрда Свердлов РИИБге шаардын тургуну кайрылып, 2001-жылы туулган дайынсыз жоголгон уулун таап берүүнү суранган. Туугандарынын сөзү боюнча ал 20-октябрда үйүнөн өзүнүн “Тойота Кроун” үлгүсүндөгү унаасы менен чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Ал кийим тигүүчү цехте иштеп жүргөн.

Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жаранга тиешелүү болгон “Тойота Кроун” унааны белгисиз адам башкарып бара жаткандыгын аныкташкан. Милицияга соода комплексинде иштеген Чүй облусунун тургуну 1998-жылы туулган Э.А. бул унааны бир күн мурда сатып алганын айткан. Аны милиция бөлүмүнө алып барып суракка алышкан. Анын айтымында, 21-октябрда түндө социалдык тармактарда “Тойота Кроун” үлгүсүндөгү унааны тез арада сатуу боюнча жарнакты жарыялашканын көргөн. Андан соң ал телефон чалып, сатуучуга жолугуп, унааны шашылыштан улам 8700 долларга баалашкан. Бирок ишеним кат берилген эмес. Ал кайра сатып алган унаасын сатмакчы болуп, жарнакты кайра жайгаштырып койгон.

ИИМдин кызматкерлери мурда соттолгон жарандын изине түшүшкөн. Ал Кадамжай районунун тургуну экени аныкталып, аны Бишкек шаарынын аймагынан кармашкан. Анын өзгөчө оор кылмышка катыштыгы бар. Ал алдамчылык жолу менен унааны ээлеп алып, атүгүл башкаларга сатууга да үлгүргөн. Андан соң, унаанын акчасын төлөп берүүнү убада кылып, жигитти ээн жерге азгырып кеткен. Жолдо анын денесине залал келтирип, Чычкан капчыгайында кылмыштын изин жашыруу максатында унааны сайга түртүп, кырсыкка учураткан.

Аныкталгандай, Чычкан капчыгайында табылган “ВАЗ-21074” үлгүсүндөгү унаа шектүүгө тиешелүү. Ал бул унааны жабырлануучуга тиешелүү болгон унааны саткан акчага алган.

Учурда жаран К.уулу А. Токтогул районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, өткөрүлүп берилди. Кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

281