Ош шаарында үч мамлекеттик дарыкана ачылды. Эми шаар тургундары дарыларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Оштогу №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда мамлекеттик дарыкананын ачылышы болду. Дарыканага “Эл аман” деп ат коюлду.
Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун, шаардагы медициналык мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
“Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектертин түрү бар. Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат” – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Бишкекте да ушундай эле мамлекеттик дарыкана ачылган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-ноябрга чейин мындай дарыканалар жер-жерлерде ачылат.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев учурда Кыргызстанда дары-дармектин 700 түрү чыгарын, өлкө боюнча 34 завод иштеп жатканын маалымдады.