7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оор жүк ташуучу унаа үйдү сүзүп, эки жаран каза болду

420

Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа үйдү сүзүп, айдоочу менен дубалдын алдында калган аял көз жумду. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы 7-каналга билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 1-ноябрь күнү саат 15:20 чамасында Актурпак айылы аркылуу өткөн Миң-Чынар — Өтүкчү унаа жолунун 20-чакырымында 1987-жылы туулган Миң-Чынар айылынын тургуну оор жүк ташуучу «Howo» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Ал жолдун оң тарабында жайгашкан Актурпак айылынын Мечит көчөсүндөгү үйдү сүзүп, үй ичиндеги 1966-жылы туулган аялды кулаган дубал басып калган. Кырсыктын кесепетинен оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон, дубал басып калган аял да көз жумган.

(Илюстрациялык сүрөт)

421