7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркмөнстанда газдан карызы барларга азык-түлүк сатып алууга чектөө коюлду

911
Түркмөнстандын Лебап облусунда газга карызы бар тургундарга мамлекет белгилеген наркта азык-түлүк сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  миңдеген киши ун, сарымай жана кумшекерди жеңилдетилген баада ала албай жатышат.

Ушул тушта өлкөнүн бир канча аймагында газга карызды төлөө жаатында эсеп-кысап жүрүүдө. Карыз нак төлөнүүгө тийиш. Бирок соңку жылдары экономикалык кризиске кабылган Түркмөнстанда нак акча жетишсиз боло баштаган.

Түркмөнстанда нан кымбаттаганы, азык-түлүк тартыштыгы жаралганы, адамдар жарым түндөн тартып дүкөндөрдө кезекке туруп жатканы тууралуу маалымдаган. Жагдайды полиция көзөмөлгө алып турат.

Эскерте кетсек, мамлекетте мурда бир нан 2 манаттан сатылса, соңку айларда 5 манат болуп калды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

912