Бүгүнкү күндө “GEN – кыргыз санжырасы” тиркемесинде 800 миңден ашык адам жөнүндө маалыматтар камтылып, 500 миңге жакын адамдын санжырасы XV-кылымга чейин калыбына келтирилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кырылгыз” ишканасынын негиздөөчүсү Антон Миронов билдирди.
“Биз үй-бүлөлөрдүн 18 жана 19-муунун изилдедик. Алсак, биздин тиркемеде президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин санжырасы бар. Колдонуучулар өздөрүнүн тарыхын изилдеп, ата-бабалардын жана азыркы инсандардын өмүр баянын окуп, маанилүү тарыхый окуялар менен тааныша алышат”, — деп белгиледи ал.
Ошондой эле, учурда тиркемеде 5 миңден ашык активдүү колдонуучу катталган.
Эске салсак, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2025-жылдын январь-март айларында 26,4 миң адамга (0,4%) көбөйүп, 1-апрелге карата 7 млн 308 миң адамды түзгөн.