7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Генерал Бошкоев Жоомартты акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү

245

Генерал-майор Бошкоев Жоомарт Тербишалиевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

Улуттук коопсуздук органдарынын көрүнүктүү аскер ишмеринин жана ардагеринин элесине акыркы таазим кылуу үчүн улуттук коопсуздук органдарынын жетекчилиги жана өздүк курамы, Кызматтын ардагерлери, маркумдун туугандары жана жакындары келишти.

Аза күтүү иш-чарасына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев катышты. Коштошуу зыйнаты аскердик сый-урмат менен өтүп, оркестр менен коштолуп, маркумдун мамлекет алдындагы өзгөчө эмгеги баса белгиленди.

Генерал-майор Жоомарт Бошкоевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Анын кесиптик эмгеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук жана улуттук коопсуздук системаларынын түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Анын элеси коопсуздук күчтөрүнүн тарыхында жана кесиптештеринин жана жолдошторунун жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

246