7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Генералдар кыргыз тил сынагынан өтпөй калды! Эми алар президенттике ат салыша алабы?

3

Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 8-октябрда «Кыргызтестке» кырыз тилинен тест тапшырган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев менен мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев сынактан кулап калды. Маалыматты Жапыкеев да, Суваналиев да жергиликтүү ЖМКларга ырастады.

«Кыргыз мектепти 1-класстан 10-класска чейин бүтүргөм. Университетте дагы кыргыз группада окугам, керек болсо. Кыргызча толук кандуу сүйлөйм, оюмду түшүндүрүп бере алам. Бардык суроолоруна эле жооп бердик. Бирок суроолор өтө оор экен. Категориясын оорлоткон окшойт. Жыйынтыгына ишене алган жокмун. Эки тесттин жыйынтыгы дароо чыгат экен. Ал жерден өткөнбүз. Жазуу түрүндө болсо компьютерге жазып бергенбиз. Компьютерден окуп туруп, тууралап коюштубу, билбейм. Өтпөй калыптырмын. Канча жыл прокуратурада ишедим. Иштин көбүн эле кыргызча тергечүмүн да.

Мен эмес генерал Суваналиев да өтпөй калыптыр», — деди Сыймык Жапыкеев. Өмүрбек Суваналиев да кыргыз тил сынагынан кулап калганын ырастап, жазуу тажырыйбасы жетишсиз болуп калганын мойнуна алды. «Жазуудан төрт балл жетпей калыптыр. Мен негизи 40 жыл жетекчи болуп иштеп жүрдүм. Чындыгында жазуу тажрыйбам чоң эмес. Анткени жетекчилер угат, көрсөтмөлөрдү берет. Бирок көп жазчу эмесмин. Компьютерден да көп жазчу эмесмин.

Ошондуктан жазуу мен үчүн кыйыныраак болду. В2 деңгээл тилчилердин, филологдордун деңгээли да. Жазууда адабий тил менен, татаал сүйлөмдөрдү, байламталарды кошуп жазуу керек. Мен ага жыйырма күндөй даярдангам.

Албетте, В2 деңгээлине чыга албай калганыма өкүнөм»,—деген Суваналиев.

4