7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Армения Республикасына расмий сапар менен барат

158

Президент Садыр Жапаров Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча 15-17-октябрда Армения Республикасына расмий сапар менен барат.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлердин саммитине катышат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын жыйынтыгы боюнча кызматташтыктын ар кыл багыттары боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу мерчемделүүдө.

159