7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызтесттин сынагынан өтпөй калган Суваналиев менен Жапыкеев кайрадан тесттен өтсө болот

1

Ө. Суваналиев менен С. Жапыкеев кыргыз тилден өтпөй калган “Жазуу” субтестин кайра тапшыра алат.

Бул тууралуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинен маалымдашты.

2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетинде мамлекеттик тилден тестке эки талапкер — Өмүрбек Исакович Суваналиев жана Сыймык Асылбекович Жапыкеев катышкан.
Тесттин жыйынтыгында “Жазуу” субтестинен Өмүрбек Суваналиев жана Сыймык Жапыкеев жетиштүү балл ала алган эмес.

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин жалпы ички тартибине ылайык субтесттин бирөөнөн 50-59 балл алып, өтпөй калган жарандар тестти 3 жумушчу күндөн кийин кайра тапшыра алышат.

Башкача айтканда, аталган жарандар тил сынагынан өтпөй калды деп айтуу эрте.

2