7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гепатит менен ооругандар көбөйүүдө. Көбү ооруну сулуулук салондорунан жугузуп алууда

685

Гепатитти сулуулук салондо да жуктуруп алууга мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдун саламаттыгы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Анара Мамбетисаева Sputnik Кыргызстанда өткөн брифингде айтып берди.

«Гепатит үч жол менен — энеден балага, кан аркылуу жана жыныстык катнаш болгондо жугушу мүмкүн. Бирок азыр башка нерсе кооптондуруп турат, бул өзгөчө Кыргызстанда көп кездешүүдө. Алар учурда көзөмөлсүз жана лицензиясыз жайларда жасалган маникюр, педикюр, татуаж жана башка косметологиялык кызмат көрсөтүүлөр», — деди Мамбетисаева.

Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүткан Чокморова Кыргызстанда төрт айда гепатиттин B,С түрү менен 7 537 пациент каттоого алынганын айтты. Бул мурда ооругандарды кошкондогу сандар. Ал илдетке кабылгандардын арбын чыгып жатышын өлкөдө диагноз коюунун жеткиликтүү болуп калганы менен түшүндүрдү. Эми мамлекеттин эсебинен тесттен өткөрүү, вакцина саюу жана дарылануу карала баштагандыгын кошумчалады.

Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борбору 2023-жылдын январынан тарта гепатиттин B, С түрү боюнча жалпы элди тесттен өткөрүүнү жана профилактикалык иштерди, текшерүүнү баштаган.
2023-жылдын төрт айында С түрү боюнча текшерилген 79 208 кишинин арасынан 962 адамдан аталган оору чыккан. Ал эми В түрү боюнча 77 986 жаран текшерүүдөн өтсө, алардын ичинен 2 587 адамдан табылган. Чокморова бул алдын ала чыккан маалыматтар экенин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686