Жалал-Абад шаарында 170 балага паркта акысыз оюн-зоок уюштурулуп, шириндиктер берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган 170 бала «Жеңиш» эс алуу паркындагы аттракциондордо акысыз ойношту жана аларга балмуздактар таратылды.
Мындан сырткары демөөрчүлөр тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын ата-энелери үчүн майрамдык дасторкон жайылып, белектер тапшырылды.