7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Германиядан келген дарыгерлер COVID 19 боюнча лаборатория кызматкерлерин окутат

519

10-май Бишкеке Германиядан 7 медицина кызматкери келди. Алар Кыргызстандагы лабораторияларда коронавирустун ар кандай вариацияларын аныктоону үйрөтөт.  Бул тууралуу Салматтыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Германиядан келген дарыгерлерди  Берлин Шарите университетинин профессору Дрекслер жана Марциновский институтунун директору, профессор Лукашевдер жетектешет.

Алар- Кыргызстандагы лабораторияларда коронавирустун ар кандай вариацияларын аныктоого үйрөтөт. Ушул максатта миссия биринчи кезекте коронавирусту ырааттуулук жана анализдөө жаатында колдоого алынуучу Улуттук маалымдама лабораториясы менен кызматташат.

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы мамлекеттик лабораториялардын кызматкерлери диагностика жана биологиялык коопсуздук боюнча окутуулардан өтүшөт.

Техникалык тажрыйбаны жана билимди өткөрүп берүүдөн тышкары, 50 миң ПЧР-тесттери жана экстракция топтому Кыргызстандын лабораторияларына берилет. Миссия ошондой эле керектүү тренингтер үчүн вирустук вариацияны ырааттуулукка келтирүүчү реагенттер менен камсыз кылат.

Пандемиянын олуттуу кесепеттеринен улам, Германия буга чейин Кыргызстанга кычкылтек жабдууларын, коргоочу кийимдерди, ПЧР-тесттерди, керектелүүчү материалдарды жана гигиеналык каражаттарды алып келген. Германиянын каржылоосу менен Жалал-Абад шаарындагы оорукананын тез жардам бөлүмү COVID-19 менен ооруган бейтапты дарылоо үчүн 2020-жылдын июль айында мөөнөтүнөн мурда пайдаланууга берилген.

2021-жылдын февраль айында Германия ACT-A же COVAX эл аралык эмдөө демилгесин глобалдык иш-аракеттери үчүн 1,5 млрд евро кошумча каражат менен камсыз кылды. Ошентип, Германия COVAX демилгесинин эң ири донору катары саналат.

Германия ошондой эле Балдар фондуна (ЮНИСЕФ), Эл аралык саламаттыкты сактоо фондуна (GFATM), Дүйнөлүк банкка жана Азия өнүктүрүү банкына дүйнөдөгү ири донорлордун бири. Мындан тышкары, Германия Кыргызстан менен саламаттыкты сактоо жана экономикалык өнүгүүнү илгерилөө багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыкка катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

520