Айт намазы Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулмай болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Орозо айт намазы 13-май күнү таңкы саат 07:00дө Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосу жана баяндамасы менен башталат.
07:15 — Айт намазы окулат.
Эскертүү! Айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат.
• Намазга келген ар бир жаран бет кап тагынуусу керек;
• Ар бир адамга жайнамазын ала келүү сунушталат;
• Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо зарыл;
• Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
• Дааратты үйдөн алуу керек;
• Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат;
• Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.
Эскерте кетсек, өлкөдө эпидемиологиялык абалга байланыштуу Орозо Айт намазын аянттарда окууга тыюу салынган.