Кечээ, 11-майда Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар кыргыз-тажик мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышып, келечекте боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле, эки мамлекеттин аймактарын жана чек араларын өз ара урматтап, буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды жана мурда кол коюлган протоколдорду бекем сактоону жактай тургандарын билдиришти, ошондой эле чек ара аймактарында тынчтыкты, туруктуулукту сактоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерди белгилешти.
«Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны юридикалык тариздөөнү аяктоо эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы кырдаалдын мындан ары турукташуусуна түрткү берип, эки мамлекеттин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн бардык чөйрөсүнө оң таасир тийгизе тургандыгына макул болушту», — деп берилет маалыматта.