Кече, 11-май кечкисин Баткен шаарынын жергиликтүү тургундары тарабынан аткезчилик болушу мүмкүн деген жүйө менен Тажикстан тарапка багыт алган 3 фура токтотулган. Күбөлөрдүн билдирүүсү боюнча жүк ташуучу унааларды ИИМге тиешелүү унаалар коштоп бара жаткан.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт, тасмалар интернетте кызуу талкууга алынып, көпчүлүк «ИИМдин кызматкерлери аткезчиликти токтотпой эле коргоп жатабы» деген нааразычылыгын билдирген.
Бул боюнча бүгүн, 12-май Баткен ОИИБнин басма сөз катчысы расмий маалымат таратты.
Баткен облусунун кире бериш аймагынан кармалган Таджикстандын 3 фурасы 4 күндөн бери тагыраак айтканда 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу, коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турган.
«Кече, 11-май күнү кармалган 3 фура Баткен ОИИБнын Баткен шаарындагы унаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда алынып келе жаткан. Учурда кыргыз жарандарынын 7 фурасы Тажик Республикасында кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бул кармалган фуралар алмаштырылмак» -деп билдирет Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы.