Бир суткада өлкө аймагында 283 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 8 бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдады.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 158, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 75, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет аныкталган.
Ал эми бир сутка ичинде коронавирустан айыгып чыккандардын саны — 289.
Коронавирус илдетинен каза болгондордун саны күн сайын өсүүдө. Кечээ, 11-майда 7 бейтап көз жумган болсо, бүгүнкү маалыматка ылайык 8 жаран каза болду. Алсак, Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 3 бейтап.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 755 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 472 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 204 бейтаптын абалы орто оордукта, 447 адамдын абалы оор жана 89 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 511 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 446 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 409 киши айыгып чыкса, 1 миң 675 адам каза болду.