7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура: «Чаткал Кадастр» бюджетке түшчү 100 млн сомду жашырып, жалган документ жасаган

607

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгѳн текшерүү учурунда, тоо-кен тармагындагы «Ч.З» жабык акционердик коомуна айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн акча каражатын тѳлѳбѳгѳндүгүнө карабастан, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы аталган компанияга ѳндүрүш үчүн убактылуу жер пайдаланууга күбѳлүк жана 726 га жер тилкесин берип жиберген.

Аны менен катар, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жогорудагы филиалы жоготуулар менен алынбай калган пайда 4 624 620 сом деп көрсөткөнү, туура эмес болуп чыкты.

Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча башкармылыгы, айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ѳлчѳмү 133 739 682 сом экендигин тастыктаган.

Ошол себептен, облустук прокуратура тарабынан «Ч.З.» ЖАКна жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы менен биргеликте мамлекеттин пайдасы үчүн айыл чарба жоготууларын өз убагында тѳлѳбѳгѳндүктѳрү жана алынбай калган пайданы ѳндүрүү үчүн сотко доо арыз киргизилген.

Чаткал райондук соту тарабынан доо арыз жарым жартылай канааттандырылып, жогорудагы тараптардан       103 307 003 сом ѳндүрүү жѳнүндѳ чечим чыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608